Ысык-Көлдө жаан жаап, сел жүрүшү ыктымал. ӨКМдин шашылыш билдирүүсү

ӨКМ эгер кырсык катталса 112 номерине чалууну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 7-июлда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көлдө сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам аймактын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. ӨКМ кырсык катталса 112 номерине чалууну эскертти.
Жети-Өгүздө катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти. Сүрөт, видео