Яндекс Go такси кызматы Кыргызстанда салык төлөй баштады

Электрондук соодадан салык алуу нормасы жыл башында кабыл алынган Салык кодексине киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүүчү алгачкы үч чет өлкөлүк компания салык төлөй баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Яндекс Go (такси кызматы), Megogo (видеосервис) жана Xsolla (онлайн оюндар) компаниялары Салык кызматынын www.vat.salyk.kg электрондук сервисинде аралыктан салыктык каттоодон өткөн.
"Google салыгы" — Кыргызстанда катталган домендик аталышты же IP-дарегин колдонбостон өлкө ичинде электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдарга тиешелүү. Алардан кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасынан 12 пайыздык коюм менен кошумча нарк салыгы алынат. Мындай норма жыл башында күчүнө кирген Салык кодексинде камтылган.
ККМ колдонуу: салыктан бошотуу босогосун 16 млн. сомго көтөрүү каралууда