Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецк: украин аскерлери Киев районундагылардын жашоосун азапка айлантты. Видео

Кабарчы улгайган аял менен сүйлөшүп жатканда кезектеги аткылоо башталганын кадрдан көрүүгө болот.
Sputnik
Донецк бир нече күндөн бери аткылоого алынып тургандыктан адамдардын өмүрүнө коркунуч жаралып жатат.
RT кабарчысы Хассан Насср кармаш жүрүп жаткан жерден жасалган сюжетин өзүнүн Telegram каналына жайгаштырды.
Жергиликтүү эл, тагыраагы, бул кварталдын жашоочулары каршылаш тараптан ок тынымсыз жааган мындай абалды мурда эч качан көрбөгөнүн айтышты.
Кабарчы Хассан Насср улгайган аял — жергиликтүү жашоочу менен сүйлөшкөн учурда кезектеги чабуул башталганын кадрдан көрүүгө болот. Украина армиясы кармашта жеңилип жаткандыктан Донецк жана анын чет жакасындагылардын жашоосун тозокко айлантууда. Алар Украина тарап Донецкидеги бир дагы аскер жайгашпаган жерлерди аткылоого алып жатканын айтышты.
Абалдын азыр кандай экендигин RT кабарчысы даярдаган сюжеттен көрүүгө болот.
Тема боюнча:
Бул жерде эки адам көз жумган. Донецкиде аткыланган мектептен жасалган репортаж