Радио

Каримов: тишти тазалатпай туруп агартуу зыян

Борбордогу стоматологиялык клиникалардын биринин директору Нургазы Каримов тишти агарткан соң анын ичи бузулбайт деген кепилдик жок экенин айтты.
Sputnik
Тишти тазалатпай туруп агартуу абдан зыян. Бул тууралуу Нургазы Каримов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тиштин нукура өңү кардай ак эмес.
"Тиш өзү табиятынан кагаздай же кардай ак болбойт. Анткени ал ичинде кан айланып турган тирүү организм. Саргыч ак менен көгүш актын ортосундагы өңдө болот. Бирок айрым атактуу адамдардын тиши аппак экенин көрөбүз. Алардыкы көбүнесе өз тиши эмес же агартуу процедурасынан өткөрүп тургандар. Ошол сүрөттөрдү жакындатып караганда билинет. Тишти агартуу өз кезегинде таптакыр эле коопсуз деп да айта албайм. Эгер тишти тазалатпай туруп эле дароо агартып салса оңбогондой зыян алып келет. Себеби биздин тиштерибизде көзгө көрүнгөн да, көрүнбөгөн да зыяндуу заттар бар. Алгач ошолорду жок кылып, абдан жакшы тазалаган соң гана агартса болот. Азыр кээ бирөөлөр түрдүү лампаларды же башка каражаттарды сатып алып үй шартында же сулуулук салондорунда агартып жатышат. Бул жерде адиске кайрылып тазалатпаган соң тишке залал келтирип алышыбыз мүмкүн. Тишти агартууда ага өтө жука болгон плёнка капталарын жана тиш эркин дем ала албай жабылып каларын унутпашыбыз керек", — деди Каримов.
Дарыгер тишти агарткан соң аны узак убакытка кармап туруу үчүн алты айда бир ирет стоматологго кайрылып туруу зарылдыгын кошумчалады.