БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы Төө-Ашуудагы тоннель кайсы убактарда жабыла турганын айтып, графигин жарыялады.
Эске салсак, кечээ, 5-июлда, саат 15:50лөр чамасында тоннелдин 1 250 метринен өтүп бара жаткан Lexus 470 үлгүсүндөгү жолтандабас өрттөнүп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, автоунаанын кырсыкташына жаңы орнотулган газ жабдуусу себеп болгон. Мындан улам Бишкек — Ош жолунда бараткан автоунаалар өтө албай калган.
Министрлик күйүп кеткен автоунааны тоннелдин түштүк тарабына чыгарылгандыгын, аталган жайдын ичиндеги электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн энергетиктер келишерин билдирген. Жол кайрадан ачылган. Кийинчерээк министрлик 9-июлга чейин Көлбаев тоннели мезгил-мезгили менен жабылып турарын кабарлаган.
"7-8-9-июль күндөрү таңкы саат 4:00дөн тартып кечки саат 16:00гө чейин эки саат сайын жабылып, күйүп кеткен электр кабелдери алмаштырылат", — деп айтылат маалыматта.
Тоннелдин жабыла турчу убактысы:
4:00 — 6:00;
10:00 — 12:00;
14:00 — 16:00.