Радио

Абдыракманова: "Салык чектин" кийинки турларына кешбэк долбоору кошулат

Мамлекеттик салык кызматынын башкы инспектору Жаннат Абдыракманова "Салык чек" лотереясын 2017-жылы өткөрүү пландалып, каражаттын жоктугуна байланыштуу токтоп калганын айтты.
Sputnik
"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи турундагы техникалык көйгөйлөр эске алынып, жөнгө салынат. Бул тууралуу Жаннат Абдыракманова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган лотереяны 2017-жылы өткөрүү сунушталып, каражаттын жоктугуна байланыштуу ишке ашкан эмес.
"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи туру ийгиликтүү аяктады. Мамлекеттик органдар тарабынын ири масштабдагы лотерея өлкө тарыхында алгачкы ирет өткөрүлүп жаткандыктан кызуу даярдык көрүлүп, эл аралык тажрыйбалар да эске алынды. Алсак, Монголияда ушул сыяктуу акция алтынчы ирет өтүп, системага коюлган. Аталган лотереяны 2017-жылы өткөрүү пландалып, каражаттын жоктугуна байланыштуу токтоп калган. Лотерея расмий башталган күндөн тарта бир катар көйгөйлүү маселелер жаралды. Мисалы, көпчүлүк даттануулар кассалык чектин берилбегендиги жана ККМдин жоктугу, ошондой эле тиркеменин иштеши боюнча болду. Эми техникалык көйгөйлөр эске алынып, алар жөнгө салынат. Мындан тышкары, "Салык чек" тиркемесине кешбэк системасы интеграцияланып, бардык колдонуучу утушка ээ боло турган долбоор кошулат. Акциянын кийинки турларында байгелердин санын көбөйтүү да каралат", — деди Абдыракманова.
Ошондой эле адис эгерде "Салык чек" лотереясы жакшы жыйынтык берип, колдонуучулардын саны көбөйсө, долбоорду улантуу мүмкүнчүлүгү караларын кошумчалады.