Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия менен Европанын ортосунда согуш чыгышы мүмкүнбү? Боррелдин жообу

Евробиримдиктин өкүлү Россияга каршы чаралар иштей баштаганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Европа Россия менен согушпайт. Украинадагы аскердик операцияга негизги жооп катары санкциялар кала берет. Бул тууралуу Европа биримдигинин чет элдик иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Япониянын Yomiuri гезитине маек берип жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Европа чагымчылдыкка жооп бере аларын көрсөтүп ниеттен аракетке өтө баштады. Россия менен согушту каалабайбыз. Анын өзөгүн экономикалык санкциялар түзөт", — деди ал.
Боррель Россияга каршы чаралар иштей баштаганын айтып, жакынкы айларда алар күчтөнө турганын кошумчалаган.
Россия Украинага карата атайын операцияны баштаган соң Батыш өлкөлөрү жана АКШ Москвага катар-катар санкцияларды салган. Алар биринчи иретте банк секторуна жана жогорку технологиялуу продукцияларга кесепетин тийгизиши керек дешкен. Бирок бул Европанын өзүнө сокку уруп, Батыш өлкөлөрүндө күйүүчү май, азык-түлүк кымбаттап, элдин нааразылыгын жаратууда.
Япония: Россияга каршы санкциялар Батыштын өзүнө бумеранг болуп жатат