Радио

Курманов: парламентсиз бир да президент өз максатына жете албайт

Жогорку Кеңештин экс-спикери, саясат таануучу Зайнидин Курманов эгерде Конституция иштебесе, диктатурадан да кооптуу көрүнүшкө кептелишибиз ыктымал экенин айтты.
Sputnik
Учурунда өлкө парламенттик башкарууга өткөнү менен президенттик башкаруудан кете алган жок. Мындай пикирин Зайнидин Курманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2011-жылы ошол кездеги бийлик парламенттик башкарууга өтүүгө аракет кылып, бирок өз максатына жете албады.
"Саясатчылар парламентаризмге өткөнүн жар салганы менен Конституция иштеген жок. Анда жазылган нормалар так аткарылса, парламентаризмге карай кадам ташталмак. Бирок саясат мурдагыдай эле улана берди. Ошондуктан президенттик башкаруудан чыга алган жокпуз. Азыркы президенттик башкарууга өткөнүбүз де-факто болуп жатканды де-юре бекитилди. Айрымдар бул система диктатурага алып барарын айтууда. Эгерде Конституция иштебесе, диктатурадан да кооптуусуна барып калышыбыз ыктымал. Коомчулук көзөмөл жүргүзүшү керек. Негизи башкаруунун жаман системасы жок. Ар бир өлкө өзүнө ыңгайлуусун тандап алуусу шарт. Президенттик башкарууда деле мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо дагы парламенттин өз орду болот. Анткени бир дагы президент парламентсиз алдына койгон максаттарына жетпейт", — деди Курманов.
Ошондой эле ал парламенттик башкарууга салыштырмалуу президенттикте чечимдер тез кабыл алына турганын кошумчалады.