Кыргызстан чет элдик студенттердин саны боюнча Борбор Азияда 1-орунга чыкты

Республика КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы позицияны ээлеп, Россиядан кийинки эле сапта турат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстан чет элдик студенттердин саны боюнча Борбор Азияда биринчи орунду ээледи. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев КТРКга берген маегинде билдирди.
Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн ичинен республика алдыңкы позицияны ээлеп, Россиядан кийинки эле сапта турат.
"Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң көп студент бизге келип окуйт. Биринчиден, өлкөдө либералдуу система бар, экинчиден, аларга жагымдуу шарттар түзүлгөн, үчүнчүдөн муктаждыгына жараша билим берүүгө аракет кылып жатабыз", — деди Бейшеналиев.
Министрдин айтымында, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында быйыл чет өлкөдөн 84 миң студент келип окуган.
Кыргызстанда билим берүү уюмдары үчүн атайын портал түзүлдү