Караколдун чок ортосунда дрифт жасаган айдоочу кармалды

Милиция кызматкерлери 19 жаштагы баланы колго түшүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл.— Sputnik. Каракол шаарындагы Токтогул көчөсүндө айдоочу автоунаасын чаң ызгыта айдап, дрифт жасаганын Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, жакында эле аталган көчөдө реконструкция иштери аяктап, жаңы асфальт төшөлгөн.
Окуя 5-июль күнү кечинде болгон. Күбөлөр Toyota Carina унаасынын дрифт жасаганы тууралуу дароо милицияга кабарлаган. Жерине укук коргоо органдары барып, Бишкектин 19 жаштагы тургунун колго түшүргөн. Ага 189-берене ("Автоээнбаштык") боюнча протокол түзүлүп, 7 500 сом айып салынды.
Чүйдө эки өспүрүмдү кагып качып кетти делген айдоочу кармалды. Сүрөт