БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Июлдун башында акыркы бир нече айда позициясын бекемдеп алган рубль алсыздана баштады. Мындай өзгөрүү уланышы мүмкүн экендигин "Прайм" агенттигине "БКС Мир инвестиций" уюмунун инвестициялык стратеги Александр Бахтин айтып берген.
"Күздүн башында доллар 60-65 рубль деңгээлинде өзүнүн позициясын бекемдеши мүмкүн, ал жыл 70-75 менен аяктайт", — деген ал.
Эксперт бул импорттун калыбына келе башташынан, бир катар компаниялардын өткөн жылдын дивиденддерин төлөөдөн баш тартышынан, андан сырткары, мамилелер "достук" жана нейтралдуу өлкөлөрдүн валюта менен актив сатып алуу мүмкүнчүлүгүнөн улам болуп жаткандыгын айткан.
Бахтин мунун баары рублдин курсун рыноктун акылга сыя турган баасына жакындатып, экспортчулардын көз карашынан алганда бюджеттин толтурулушуна ыңгайлуулук жаратарын кошумчалады.