Баңгизат тараткандарды көрүп калсаңыз кабарлаңыз. Номерлер

ИИМ баңгизаттардын зыяндуулугун эске салып, бирге күрөшүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тыюу салынган заттарды таратууга бирге чара көрүүгө чакырды.
Министрлик баңгизатты тиешелүү жактарга "бекитип", "катып" иштеген адамдар акыры өзүн жана жакындарын азапка саларын, ал эми аларды колдонуу организмди талкалай турганын эскертти.
"Баңгизаттарды бир жолу колдонуунун да кесепети оор болушу мүмкүн. Аны тараткандар тууралуу кабарла. Көз жумба!" — деп кайрылды кызмат.
Жарандар (0312) 66-02-44, 66-06-16 жана 102 номерлерине байланыша алат.
Чүйдө баңгизат сатып жаткан эки жаран кармалды, бирөө казакстандык. Видео