БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Демократиялык партия эл өкүлдөр палатасына болуучу ноябрдагы шайлоодон кийин АКШ башчысы Жозеф Байденден "кутулууну" пландап жатат. Бул тууралуу Fox News баяндамачысы Томи Ларендин айтканын РИА Новости ЖМКларга таянып билдирди.
Sky News Australia студиясында Harvard CAPS/Harris Poll сурамжылоосунун жыйынтыгын талкуулашкан. Ага катышкан америкалыктардын 71 пайызы Байденди кийинки президенттик шайлоодо талапкер катары көрүүнү каалабай тургандыгын айтышкан.
Изилдөө инфляция менен бензиндин баасынын өсүшү Байдендин рейтингин 38 пайызга түшүрүп жибергенин далилдеп берген.
"Демократтар ноябрда эмне болорун карап, байкоо салып турушат. Аларды сүрүп салышкан соң Байденди кетиришет. Күнөөнү алардын саясатына эмес, Байденге оодара салышат. Ал өтө эле солчул болгондордун колундагы куурчак. Америкалыктарга "муну Жозеф Байден же Камала Харрис кылды, кептин баары ошолордо" деп айтышат", — деген божомолу менен бөлүшкөн Ларен.
Баяндамачынын пикирине караганда, келерки президенттик шайлоого АКШнын вице-президенти Камала Харристи жөнөтүүнү пландашкан. Эми анын талапкерлигин карабай калышты.
Штаттарда энергоресурстар менен азык-түлүктүн баасы бир нече айдан бери өсүп жатат. Бир галлон бензин 5 доллардан ашты. Салыштыра келгенде бир жыл мурда 3 доллар эле. Ал эми инфляция рекорд коюп, кырк жылдан бери алгач ирет азыркы көрсөткүч 8,5 пайызга жетти.