БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кызыл-Кыя шаардык сотунун өкүмү менен "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" экстремисттик уюмунун алты мүчөсү 1,5 жылдан 6 жылга чейин эркинен ажыратылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, соттолгондор Кыргызстандын жарандарын экстремисттик уюмга мыйзамсыз тартып, үгүттөшкөн.
"Эркинен ажыратылгандардын улуусу 46 жашта болсо, кичүүсү 27 жашта. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө тыюу салынган бир топ экстремисттик адабияттар жана электрондук маалымат каражаттары табылган", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, экстремисттик уюмдун мүчөлөрү былтыркы жылдын октябрь айында колго түшүрүлгөн болчу.