Дыйкан, фермерлер жыл башынан бери 4 млрд. сом арзан насыя алды

Өкмөттүк каражатты мамлекеттик жана мамлекеттик эмес банктар аркылуу алууга болот.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбоорунун алкагында 3 миллиард 991,5 миллион сомго 7 543 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жеңилдетилген насыя үч топко бөлүнүп берилет.
Ал 30-июнга карата төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:
Өсүмдүк өстүрүү — 1,1 миллиард сомго 2700 насыя;
Мал чарбачылык — 2,3 миллиард сомго 4625 насыя;
Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү — 613 миң сомго 218 насыя.
Дыйкан, фермерлер бул каражатты мамлекеттик жана мамлекеттик эмес банктар аркылуу ала алышат.
Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл жеңилдетилген кредит берүүчү "Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбооруна 26 миллиард сом бөлүнгөнүн айткан. Бул багытта ишкер, фермерлерге насыя 6 пайыздык үстөк менен берилет.
Чүйдө бодо мал кырылып, Айыл чарба министрлиги себебин түшүндүрдү