Эки жумада 30 пайыз. ДССУ башчысы коронавирус көбөйүп жатканын айтты

Уюмдун башчысы илдет Европа менен Америкада күчөп баратканын, ал эми Индияда инфекциянын жаңы түрү табылып жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Акыркы эки жумада дүйнөдө коронавирус 30 пайызга өстү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргенин РИА Новости жазды.

"Соңку эки жумада коронавирусту жуктургандар жер жүзүндө 30 пайызга көбөйдү. ДССУнун алты субрегионунун төртөө акыркы аптада илдет өскөнүн кабарлады", — деген уюмдун башчысы брифингде.

Ал Европа менен Америкада коронавирустун BA.4 жана BA.5 түрлөрү көбөйүп жатканын, ал эми Индияда BA.2.75 варианты табылганын билдирген.
ДССУ башчысы жарандарды вакцина алууга жана аны кайталап сайдырууга чакырган.
Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун кезектеги толкунуна даяр