Медведев: АКШ оройлук менен өз эркин таңуулаганга көнүп бүткөн

Аткаминер "Россияны жазага тартууну" ким демилгелеп жатат деген суроонун айланасында ой жүгүрткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. АКШ акча, "союздаш" делген кол алдындагыларын жана акыркы үлгүдөгү курал-жарагын колдонуп өз эркин таңуулаганга көнүп бүткөн. Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин орун басары Дмитрий Медведев билдиргенин РИА Новости жазды.
Аткаминер Telegram-каналында "Россияны жазага тартууну" ким демилгелеп жатат деген суроонун айланасында ой жүгүрткөн.
"Баарынын башында турган өлкө белгилүү. "Чыныгы демократия" демиш болуп дүйнөнү кыйратууга аракет кылып келет. Акчаны, кеп-сөз кайрый албаган союздаш вассалдарын жана акыркы үлгүдөгү курал-жарагын пайдалануу менен өтө орой түрдө өз эркин таңуулай алат", — деп жазган Медведев.
Ал өз сөзүндө АКШнын катышуусу менен жүргөн көп сандагы кандуу кагылышууларды да эскере кеткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украина химиялык курал менен чагымчылыкка даярданып жатканын эскертти