Бишкекте жаңы конуштардын тургундарына 6 218 техпаспорт берилди

Техпаспорт берүү боюнча алты мобилдик топ жер-жерлерде белгиленген план боюнча иштеп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкектеги жаңы конуштун тургундарына 6 218 техникалык паспорт берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өтүп, анда бул аралыкта жасалган иштер айтылган.
"Кадастр" мекемесинде техпаспорт берүү боюнча алты мобилдик топ жер-жерлерде белгиленген план боюнча иштеп жатат. Бүгүнкү күндө техникалык паспортторду даярдоого 10 339 арыз келип түшсө, кыймылсыз мүлккө 8 350 изилдөө жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 6 218 техпаспорт берилди", — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, Бишкектин аймагында жеке турак жай жана үй куруу зоналарында жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу максатында мэриянын "Жеке турак үйлөрдүн жанаша аймактарына ижара укуктарын берүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө" буйругунун долбоору иштелип чыгып, ал кароо стадиясында турганы кошумчаланды.
Ишеним кат менен сатылган машиналардын айып пулун төлөөдөн кутулуу жолу