Пресс-борбор

Улуттук банк: Кыргызстанга накталай эмес доллар ири көлөмдө агылууда

Жыл башынан бери өлкөнүн башкы банкы накталай эмес түрүндө 190 миллион доллар сатып алды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстанга доллар накталай эмес түрүндө өтө көп келип жатат. Бул туурасында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда "Эмнеге Кыргызстанда накталай доллар менен евро жетишсиз болууда" аталышындагы брифингге катышкан.
Карабаеванын айтымында, суроо-талап жана сунуштар курсту аныктайт. Эгер суроо-талап күчөсө, Улуттук банк баа кескин көтөрүлүп кетпеши үчүн доллар сатат, ал эми сунуш көбөйө баштаса кайрадан сатып алат.
"Геосаясий кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болгон Россиядан накталай эмес доллар менен рубль ири көлөмдө келип жатат. Ошондуктан биздин рынокто накталай эмес доллар өтө көп болууда", — деди Карабаева.
Аны менен катар Улуттук банктын өкүлү геосаясий кырдаалдан улам Кыргызстанда ири суммада доллар которулуп, аны акчага айлантып башка өлкөгө чыгарып кетип жатышканын белгиледи.
Ошондой эле ал жыл башынан бери валюта рыногун жөнгө салуу үчүн 190 миллион доллар сатып алынганын билдирди. Кеп тек гана накталай эмес доллар жөнүндө болуп жатканын эскертти.
Улуттук банк долларды рекорддук суммада сатып алды