Ысык-Көлдө минивэндер кагышып эки адам каза болуп, 12 киши жаракат алды

Окуя кечээ, 4-июлда, кечки саат 19:30дар чамасында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 29-чакырымында (Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда) Honda Odyssey жана Toyota Estima үлгүсүндөгү унаалар кагышып, эки адам каза болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 29-чакырымында (Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда) Honda Odyssey жана Toyota Estima үлгүсүндөгү унаалар кагышып, эки адам каза болду

2 / 2

Окуя кечээ, 4-июлда, кечки саат 19:30дар чамасында болгон. Кырсыктын кесепетинен 69 жаштагы аял менен жети жаштагы бала көз жумган.

Окуя кечээ, 4-июлда, кечки саат 19:30дар чамасында болгон. Кырсыктын кесепетинен 69 жаштагы аял менен жети жаштагы бала көз жумган. Ал эми 12 киши ар кандай жаракат алганы айтылды. Алардын арасында жетөө жаш бала.
Жерине ӨКМдин төрт куткаруучусу тартылып, каза болгон аялдын сөөгүн унаадан чыгарып беришкен. Ошондой эле жабыркагандарды дагы алып чыгып, биринчи медициналык жардам көрсөткөн.
Кабинадагы киши ыргып кетти. Чолпон-Атанын жанындагы автокырсыктын видеосу