Төө-Ашуудагы тоннелде автоунаа өрттөндү. Кырсыктын чоо-жайы

Министрлик кырсыктан эч ким жабыркабаганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннелде автоунаа өрттөнүп кеткендиктен эки тараптан тең транспорт кыймылы токтотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматта кырсык бүгүн саат 15.50лөр чамасында чыкканы, анда тоннелдин 1250 метринен өтүп бара жаткан Lexus 470 үлгүсүндөгү жолтандабас өрттөнүп кеткени айтылган.

"Автоунаанын ичинде эки адам болгон, алар жабыркаган жок. "Кыргызавтожол" ишканасынын тоннелдеги кызматкерлери башка куткаруучулар менен бирге автоунаадагы жүргүнчүлөрдү коопсуз жерге аман-эсен алып чыгарып кеткен", — деп жазылды кабарда.

Министрлик өрттү өчүрүүгө мүмкүн болбогонун белгиледи. Тоннелдин ичиндеги жарык өчүп калган. Күйүп кеткен унааны сыртка чыгарып, электр жарыгы жандандырылгандан кийин жол ачылары айтылды.
Алдын ала маалымат боюнча, автоунаанын өрттөнүп кетүүсүнө жаңы орнотулган газ жабдуусу себеп болгон.
"Дордой" базарында өрт чыкты. Видео