"Салык чектен" байге утпаган билеттер менен 2-турга да катышса болот

Улуттук лотереянын экинчи туру ушул жылдын 1-октябрында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи туруна катышып, бирок утушка ээ болбогон билеттер жарактуу бойдон калат, аны менен экинчи турга катышса болот. Бул туурасында Салык кызматы билдирди.
Ал эми байге уткан болсо, анын ээси лотереянын кийинки этаптарына катышуу укугунан ажырайт. Демек, биринчи турда байге утпаган жарандар ошол эле билеттери менен катыша берсе болот.
"Салык чек" лотереясынын экинчи туру ушул жылдын 1-октябрында өтөт.
Алгачкы туру 1-июлда уюштурулуп эки автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, Ысык-Көлгө эс алууга беш жолдомо жана 25 ар кандай тиричилик техникасы ойнотулду. Жеңүүчүлөр атайын компьютердик программа менен капыстан тандап алуу генератору (рандом системасы) аркылуу аныкталды.
Кошумча нарк салыгы жана маалыматтык эсеп боюнча отчёт берүү мөөнөтү узарды