БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынан бомба табылган жок. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн саат 10:45те 102 кызматына элчиликтин аймагына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам-тергөө тобу, сапёр жана кинологдор барган. Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында кандайдыр бир жарылуучу зат табылган эмес.
Аталган факт каттоого алынган. Милиция кенен маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалды.