Япония: Россияга каршы санкциялар Батыштын өзүнө бумеранг болуп жатат

Антироссиялык санкциялар энергетиканын жана башка товарлардын баасынын кескин өсүшүнө алып келип, бул Батыш өлкөлөрүнө инфляция түрүндө кайтып барганын жазышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Россияга каршы салынган сакциялар Батыш өлкөлөрүнө бумеранг болуп тийип жатат. Бул туурасында япониялык Asahi кеп кылганын РИА Новости билдирди.
Антироссиялык санкциялар энергетиканын жана башка товарлардын баасынын кескин өсүшүнө алып келип, бул Батыш өлкөлөрүнө инфляция түрүндө кайтып барганын жазышкан.
"Россия — АКШ менен катар турган ири державалардын бири, ал зарыл болгон нерселер менен өзүн-өзү камсыздай алат. Андыктан антироссиялык санкциялар бул өлкөгө ошол замат кесепетин тийгизет деш кыйын", — деп басылма "Марубэни" экономикалык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары Хирохиро Эномотонун айтканын жазган.
Европа Россия газы экспорттолгон эң ири багыт экени жана бул өлкөнүн көгүлтүр отуна көз карандылыктан жакында кутула албастыгы айтылган. Европалык мамлекеттер РФке газ үчүн эбегейсиз акча төлөп берип, орус акчасын — рублди бекемдеп жатканын белгилешкен. Макалада "эң кызыгы, алардан келген акча россиялык экономиканы бекемдеп, албетте, кайра эле Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операцияга жумшалып жаткандыгында" экени белгиленген.
"Азыр дүйнөлүк экинчи согуштан кийинки эң ири бурулуш учур", — деп жыйынтыкталган "Асахидеги" макала.
Буга чейин хорватиялык Advance басылмасы да Батыштын россиялык экономиканы алсыратабыз деген санкциялары өзүнө тийип жатканын жазган жана европалык өлкөлөр Вашингтондун талаптарына баш ийип калып, баарынын көп жапа чеккени айтылган.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын, башкы максат — Донбассты бошотуу экендигин айткан.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөттү. Евробиримдик буга чейин санкциялардын алтынчы пакетин кабыл алган. Анда Батыш көмүр менен мунайдын импортунан акырындык менен баш тартууну көздөйт. Анткен менен ал тарапта жеткирүү системасынын үзгүлтүккө учурашы күйүүчү майга жана азык-түлүккө болгон баанын өсүшүнө алып келди. Бул нерсе Америка менен Европаны экономикалык каатчылыкка кептеди.
Путин санкциялар Россиянын экономикасын чөгөлөтүү Батыштын узак мөөнөттүү саясаты экендигин, анткен менен бул кадамдар дүйнөлүк экономикага болуп көрбөгөндөй сокку ургандыгын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Антонов: Россияга каршы санкциялардан АКШлык ишкерлер жапа чегип жатат