Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Володин: Киев Россияны атайын операцияны улантууга мажбурлап жатат

Спикер АКШ жана Европа өлкөлөрү Украинадагы согуш мүмкүн болушунча көпкө чейин созулушун каалап жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Киев Россиянын аскер күчтөрү ДЭР менен ЛЭРдин чек арасындагы аракеттерин токтотпошуна мажбурлап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал пленардык жыйында депутат Сергей Обуховдун репликасына жооп берген.
"Украина террордук мамлекетке айланып калды... Биз сиздер менен унчукпай тура албайбыз. Өзүбүздүн жарандардын коопсуздугун камсыздоого байланышкан маселелерди чечүү үчүн бар күчүбүздү жумшайбыз. Сиз туура айттыңыз, Украина террордук мамлекет болуп калды. Алардын президенти кылмыштуу режимди башкарып жатат. Биз атайын аскердик операция ийгиликтүү аякташы үчүн колдон келгендин баарын жасашыбыз керек", — деди Володин.
Ошондой эле ал АКШ жана Европа өлкөлөрү Украинадагы согуш мүмкүн болушунча көпкө чейин созулушун каалап жатканын белгиледи.
"Албетте алардын (Украина — ред.) аракеттеринде кылмыштын белгилери бар. Ага катуу жооп берилет. Ошондуктан алар ДЭР менен ЛЭРдин чек арасындагы биздин аскерлерди токтотпоого мажбурлап жатат. Харьков облусунан жана башка региондордон сокку урууда. Андыктан өз өлкөбүзгө жана анын куралдуу күчтөрүнө ишенүү керек. Ошондо бизде баары жакшы болот", — деди Володин.
Спикер жаңжал качан гана Украина шаарларга жана айылдарга сокку урууну токтоткондон кийин гана басыларын белгиледи.
Херсондо Украинанын атайын кызматы менен ЕККУнун кызматташкан документи табылды