БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкекте милиция Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин тегерек четин курчоого алды.
Чыңгыз Айтматов проспектинде жайгашкан элчиликтин имаратына бомба коюлганы айтылууда. Учурда милиция кызматкерлери жөө адамдар өтчү жолду тосуп турат.
Бишкек ШИИБ бир аздан кийин маалымат берүүнү убадалады.