БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Россиянын Тергөө комитети орус аскерлеринин Украинадагы туткунда кыйноого кабылган окуяларынан улам текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынын Telegram-каналында жазылган.
Билдирмеге караганда, Украинадагы туткундан бошоп келген орус аскерлери бир нече кыйноо фактысы тууралуу айтып беришкен. Аскерлердин бири согушуп жаткан маалда ок-дарысы түгөнүп, туткунга түшүп калган. Ал украин аскерлери көзү, колун таңып Харьковго жеткиришкенин, бул жактан күч колдонулуп, таяк, союл менен сабалганын айткан. Украинанын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү муунткан ыкмаларды колдонуп, даяр текстти камерага окубаса атып салабыз деп да коркутушкан.
Украиналык дарыгерлер жарадар болуп туткунга түшкөн дагы бир аскердин бутун кесип салышкан. Таңып-байлоо учурунда кесилген жерин атайын оорутуп, ур-токмокко алышканын айткан.
Азыркы тапта дарыланып жана реабилитациядан өтүп жаткан аскерлер тергөөчүлөргө туткундагы окуяларын айтып берүүдө. Мындай мисалдар Украина өкүлдөрү туткунга түшкөн аскерлерге жасаган мамилеси боюнча Женева конвенциясын бузуп жатканын далилдей алат.
Белгилей кетсек, Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча 29-июнда эки өлкө аскер туткундарын алмашкан.