Өзгөндө 34 жаштагы келин жети күндөн бери дайынсыз болууда. Сүрөтү

Келин эртең менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Ош облусундагы Өзгөн районунун тургуну Бузуура Жаанбаева жети күндөн бери дайынсыз болууда. Бул туурасында Ош ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Ош облусундагы Өзгөн районунун тургуну Бузуура Жаанбаева жети күндөн бери дайынсыз болууда
Милицияга 34 жаштагы келиндин кайнатасы кайрылып, ал 28-июнь күнү болжол менен саат 08:00дөр чамасында Өзгөндүн Төрт-Көл айыл аймагынын Шоро-Башат айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Жаанбаева башына ак жоолук салынып, үстүнө жашыл түстөгү көйнөк, кара шым, боз түстөгү бут кийим кийип чыккан. Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, арык чырай, кара тору, кашы-көзү кара, чачы узун, кара экени айтылды.
Ош милициясы жарандардан жоголгон келин тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Телефону: 03233 5-06-36, 0550 334323, 0779 334323, 0504 445541.
Издөө салабыз! Бишкекте 11 жаштагы бала жоголду. Сүрөтү, белгилери