БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. НАТОнун Россияны душман деп жарыялоо чечими Европадагы коопсуздукка доо кетирип, абалды улам чыңалтып бара жатат. Ошондой эле Россия — НАТО актысына каршы келет. Бул туурасында РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев билдиргенин РИА Новости жазды.
"АКШ жана анын союздаштары өзүнүн улуттук кызыкчылыгы жана эгемендүүлүгү үчүн күрөшкөн Россияны душман деп жарыялады. Бул доктриналык документинде, анын ичинде Мадриддеги НАТО саммитинде кабыл алынган чечимде камтылган", — деди Патрушев.
Ошондой эле ал АКШ жана анын көзүн караган өлкөлөр Россия менен стратегиялык туруктуулук жаатында конструктивдүү диалог жүргүзүүдөн баш тартып, Москванын коопсуздук кепилдиги жөнүндөгү талаптарын көз жаздымда калтырганын эске салды.
"НАТОнун аскердик инфраструктурасы биздин чек арага жакындап жатат, Чыгыштагы талуу жерге аскер күчтөрүн жана каражаттарын жайгаштырууда. Финляндия менен Швецияны альянска кошуу чечими кабыл алынды. Жаңы AUKUS аскер блогу түзүлдү", — деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.
Патрушов мындай кадамдар Европанын коопсуздугун туруксуздаштырууга кептей турганын белгиледи.