Кытай элчилигине да бомба коюлганы айтылып, саперлор эч нерсе тапкан жок

Бишкектеги Кытайдын элчилиги. Архив
Дипломатиялык жайда бомба бар деген кабарды милицияга10:45те чалып айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кытайдын Бишкек шаарында жайгашкан элчилигинин имаратына бомба коюлгандыгы туурасында милициянын 102 номерине белгисиз адамдар чалышкан. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Элчиликке ыкчам-тергөө тобу, кинологдор, саперлор барып, жарылуучу зат тапкан жок", — деп айтылган маалыматта.
Бул факт милициянын маалыматтарды каттоо журналына түшүрүлүп, учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.
Эске салсак, дал ушундай эле маанайдагы билдирүү, тагыраагы, Россиянын Бишкек шаарында жайгашкан элчилигинин имаратына бомба коюлганы туурасында да айтылган. Ал жерден да жарылуучу зат табылган эмес.
Бишкекте милиция Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин тегерек четин курчоого алды
Милиция Бишкекте Россия элчилигинин тегерек четин курчоого алды. Видео