БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстандын коммерциялык банктары долларды накталай ала турган жаңы каналдарды издеп жатат. Бул туурасында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда накталай доллар менен евро эмнеге аз болуп жатат?" деп аталган брифингге катышкан.
"Валюта рыногунда доллардын накталай түрдө жетпей жатканы байкалат. Геосаясий абалдан улам Кыргызстанга америкалык доллар которулуп, бул жерден, биздин рынокто накталай долларга айландырылып, кайра өлкөнүн аймагынан алып чыгып кетип жатышканына байланыштуу ушундай абал жаралууда. Бул — биринчиси. Экинчиден, долларды алып келген логистикалык канал Казакстан менен Россиянын банктары эле. Кайра эле дүйнөдөгү геосаясий абалдан улам бул каналдар мурдагы көлөм менен иштей албай калды. Бүгүн коммерциялык банктар өзүнүн кардарларын доллар менен камсыздоо максатында накталай доллар алып келе турган каналдарды издеп жатат", — деди Карабаева.
Ал учурда жогоруда айтылган каналдар ишин токтотконун кошумчалады. Коммерциялык банктар келишим түзүп сүйлөшүү жүргүзүп жаткандыгын, бир канча убакыттан кийин кырдаал жөнгө салынарын билдирди. Анткен менен Улуттук банктын өкүлү көйгөй жараткан абал жоктугун, накталай доллар болгону рынокто 7-10 пайызга гана азайгандыгын белгиледи.