Кондиционер аркылуу кайсы инфекция тарай турганы айтылды

Аталган жабдуунун ичинде өпкө оорусуна алып келген бактерия көп болот.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Күн жылууда айрым адамдар кеңседе отуруп эле ооруп калышат. Терапевт Ольга Перевалова эмнеден улам мындай болорун түшүндүрүп, андан арылуунун жолун айтканын РИА Новости жазды.
Медик белгилегендей, жайкысын кеңсенин көбүндө кондиционер иштейт. Бул жабдуу жылуу жана нымдуу болгондуктан анын ичинде Legionella бактериясы көбөйөт.
Легионерлер оорусу — Legionella бактериясы чакырган жугуштуу өпкө оорусу. Бул дарт кадимки респиратордук вирустук инфекцияны эске салгандыктан көпчүлүк аны башка илдет менен алмаштырып алат.
"Кеңседе отуруп иштегендер көп чүчкүрүп, жөтөлөт. Алар ротавирус же "омикрон" жуктуруп алдык деп ойлошот. Бирок чынында кондиционердин фильтринин ичинде, жылуу жана нымдуу чөйрөдө көбүнчө легионелла бактериясы көбөйөт", — деген медик.
Дарыгер адамдын иммунитети түшүп кетсе же кондиционердин фильтри көп тазаланбаса аталган бактерия дароо илешип, олуттуу ооруну пайда кылышы мүмкүн экенин эскертти.
Мындай бактерия автоунаалардын кондиционеринде да болушу ыктымал. Мындан улам кондиционердин фильтрин тез-тез тазалап, терезени ачып желдетип туруу сунушталды.
Дарыгер кондиционердин ден соолукка кооптуулугун айтты