Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бул жерде эки адам көз жумган. Донецкиде аткыланган мектептен жасалган репортаж

Sputnik Кыргызстандын журналисттери артиллериялык аткылоого алынган Донецк шаарындагы №22 орто мектепте болушту. Снаряд биринчи кабаттагы каалгага келип тийип, пенсия курагындагы эки кызматкер көз жумган.
Sputnik
Бул учурда экинчи кабатта мугалимдер онлайн-сабак өтүп жаткан, снаряддын чачырандылары аларга да тийген.
"Бул мектептин тарыхы өзгөчө. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда фашисттер аткылап, анда мектепти кайра калыбына келтиришкен. Эми Россия бийлиги мектепти оңдоп-түзөп берүүнү убада кылган", — деп билдирди Sputnik Кыргызстандын баяндамачы редактору Таалайбек Ороскулов.
Анын айтымында, ошол күнү Украинанын Куралдуу күчтөрү Донецкидеги дагы бир мектепти аткылашкан.