Бишкекте доллардын курсу өсүп, 84 сомго чыкты

Соңку күндөрү Кыргызстанда доллар кымбаттай баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкектин акча алмаштыруу жайларында доллардын курсу 84 сомго чейин өстү.
Белгилей кетсек, соңку күндөрү Кыргызстанда доллар кымбаттай баштаган. Акча алмаштыруу жайларында курс банктардан кымбатыраак болот.
Бүгүн эртең менен банктарда долларды сатып алуу курсу 81,33 сом, сатуу 82,33 сом болуп жаткан. Саат 16:00гө карата сатып алуу 82,5, сатуу 83,5 сом деп көрсөтүүдө. Ал эми акча алмаштыруу жайларында кеминде 50 тыйынга жогору. 83 сомдон сатып алып, 84төн сатууда.
Москва биржасындагы маалымат
Эске салсак, сомдун курсуна рубль дагы кыйыр түрдө таасир этет. Москва биржасында дагы доллар көтөрүлө баштады.
бүгүнкү эсеп менен — 58 рубль 14 тыйын (4,42 рублге өстү);
эртеңки эсеп менен — 58 рубль 17 тыйын (2,93 рублге өстү);
USDRUB_TMS (1 доллардан жогорку майда сумма) — 58,24 рубль (2,49 рублге өстү).
Пресс-борбор
Кыргызстандагы банктар накталай доллар алчу жаңы канал издеп жатат