12 жыл өтүп... Бишкекте Баш прокуратуранын эски имараты бузула баштады. Видео

Коопсуздукту сактоо максатында Орозбеков көчөсүнүн ошо аймактагы тилкеси жабылган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Борбор калаанын чок ортосундагы мындан 12 жыл мурда элдик толкундоолор учурунда өрттөлгөн Башкы прокуратуранын имаратын бузуп жатышат.
Буга мэрия 7,6 миллион сом бөлгөн. Үч ай ичинде аны тыптыйпыл кылып тазалоо милдети коюлган. Шаар башчысы Эмилбек Абдыкадыров анын ордуна бизнес-борбор же мейманкана куруу пландары коюлуп жатканын айткан.
Эске салсак, бул имарат 2010-жылдын апрель окуяларында өрттөлгөн. Андан кийин ордуна шаардыктар мейманкана, заманбап кеңсе же сейил бак кылууну сунуштаган. Ал эми 2020-жылдын соңунда ал жерге Бишкек шаардык кеңеши менен муниципалдык кызматтар үчүн мекеме салына тургандыгы да айтылган.
Коопсуздукту сактоо максатында Орозбеков көчөсүнүн ошо аймактагы тилкесин жабышты.
Мэрия: Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имараты бузулуп, ордуна заманбап объект курулат