Башкы прокуратуранын күйгөн имаратынын ордуна эмне курулушу мүмкүн. Мэрдин жообу

Бишкектин башчысы күйгөн имараттын көрүнүшүнөн улам шаар бийлиги коноктор менен туристтердин алдында уят болуп жатат деген пикирин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратынын ордуна соода борбор, мейманкана салынат, мэрия негизи үч вариантты ойлонуп жатат.
Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында 12 жыл турган бул объектини ордунан сүрүп салып жок кылгандан соң курулушка аукцион жарыяланарын айтты.
"Негизи үч вариантты карап жатабыз. Анын ичинде соода борбор, мейманкана деген варианттар да бар. Бишкекке туристтер, коноктор келет. Ыңгайсыз абалда калып, уят болуп жатабыз. Дайыма баннер менен жаап, катып, көздөн далдалап келебиз. Мындай болбошу керек. Ал жерде 40 сотых жер бар, бул жакшы эле аянт", — деген Абдыкадыров.
Эске салсак, имарат 2010-жылдын 7-апрелинде элдик толкундоолордун учурунда өрттөлгөн.
Өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ордуна курулчу имараттын эскизи жарыяланды