Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Аламүдүн районунун Ленин айылында 21 жаштагы Б.К. аттуу тургунду болжолдуу салмагы 1,8 килограмм гашиш сатып жаткан жеринен колго түшүргөн.
Андан соң ыкчам кызматкерлер экинчи шектүүнүн сары изине түшүп кармаган. Ал Казакстандын М.Э. аттуу 20 жаштагы жараны экени белгилүү болду. Шектүү Subaru-Б4 үлгүсүндөгү автоунаанын бензин куюучу багына жашыруун жабдуу орнотуп, Казакстандан жогоруда аталган гашишти алып келген. Мындан кийин аны сатуу максатында Б.К. атуу кыргыз жаранына өткөрүп бергени белгиленди.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен кылмыш иши козголгөн.
Учурда баңгизат ташыган топтун башка мүчөлөрүн жана кылмышка тиешеси бар адамдарды кармоо иштери жүрүп жатат.
Ал эми колго түшүрүлгөн эки жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилген, иликтөө уланууда.