БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров райондорду кыдырып, жергиликтүү тургундарды кабыл алуу менен алардын суроо-талаптарын угат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жапаров бүгүн Нарын облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Ал бийликке келген кайрылуулардын 80 пайызы укук коргоо органдарына байланыштуу экенин белгилеген.
"Тергөө иштерине, соттук процесстерге даттанган жарандар арбын. Ошондуктан алдыдагы күндөрү башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков менен биргеликте аймактарды кыдырып, жеринде элдин кайрылууларын угабыз. Садыр Нуркожоевичтин мен бул кызматка келер алдында "кыргызды кыргыздын жеринде кор кылбайлы" деп айткан жакшы сөзү бар. Албетте, жарандарыбызды чет жакка барып толук кандуу коргой албасак да Кыргызстанда коргосок болот", — деди Жапаров.
Жолугушуулар эртең, 6-июлда, Токтогул районунан башталат.