50 тыйындык купюра өзүнөн 43 миң эсе кымбат сатылууда. Себеби

Бул банкнота 2006-жылы жүгүртүүгө чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. 50 тыйындык купюра россиялык интернет-аукционго коюлган.
1993-жылдагы банкнотанын үлгүсү (биринчи серия) 2006-жылы басылып чыккан.
Анын баштапкы баасы — 15 миң рубль же 21 342 сом, тагыраагы, өзүнөн 42,7 миң эсе кымбат. Мындай баада сатылышына банкнотанын жараксыз болуп калгандарын алмаштыруу үчүн чыккан сериядагылардын бири экени себеп болгон. Алар өтө аз санда гана чыккандыктан коллекциячылар арасында жогору бааланат.
Кыргыз купюрасы өз баасынан 190 эсе кымбат сатылууда