Радио

Алыраев: жыл соңуна чейин Бишкекте беш көпүрө, 60 көчө оңдолуп бүтөт

Транспорт департаментинин техникалык көзөмөлдөө жана ордер берүү бөлүмүнүн башчысы Мирлан Алыраев Кытай грантына Бишкектин көчөлөрүн оңдоонун 2-фазасынын алкагында 30 көчө оңдолуп, пайдаланууга берилгенин айтты.
Sputnik
2021-2022-жылдар аралыгында "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасында беш көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымды түзгөн 60 көчөнү оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Мирлан Алыраев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоордун экинчи фазасы ушул жылдын октябрь айында толук бүтүп, коюлган тапшырмалар аткарылат.
"Кытай грантына 2021-2022-жылдар аралыгында "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасында жалпы узундугу 70 чакырымды түзгөн 60 көчөнү оңдоо иштери уланууда. Учурда 30 көчө оңдолуп, пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, беш көпүрөнүн курулушу жана жаңы конуштарда 33 чакырым жол реконструкциядан өтөт. Долбоордун экинчи фазасы ушул жылдын октябрь айында толук бүтүп, коюлган тапшырмалар аткарылат. Анын ичинде жол белгилери, жол чийиндери, тротуар салынып, ирригациялык система жаңыртылат. Ал эми жолдорду оңдоонун биринчи фазасы 2016-жылы башталып, долбоордун алкагында жалпы узундугу 95 чакырымды түзгөн 49 көчө оңдоодон өткөн", — деди Алыраев.
Ошондой эле адис Кытай грантынын эсебинен көчөлөрдү оңдоонун экинчи фазасын ишке ашырууга 277 миллион юань (41,5 млн. АКШ доллары же 3,3 млрд. сом) бөлүнгөнүн кошумчалады.