Коргоо министрлиги эки окуу жайга аскердик кафедра ачууну көздөөдө

2016-жылы Кыргызстандын бардык окуу жайларында аскердик кафедрлар жоюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Коргоо министрлиги өлкөдөгү эки окуу жайга аскердик кафедра ачууну көздөөдө. Аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.
Мекеме белгилегендей, аталган мыйзам жогорку деңгээлдеги компетенттүүлүктү талап кылган адистиктер боюнча аскердик кафедра ачууга мүмкүндүк түзөт. Эгер ал кабыл алынып калса, мындай кафедралар Илим жана бизнес боюнча эл аралык университеттин ("жарандык коом" адистиги боюнча) жана Дене тарбия жана спорт боюнча кыргыз мамлекеттик академиясынын базасында ("жарандарды чакырууга чейинки даярдоо" адистиги боюнча) ачылмакчы.
Эске салсак, 2016-жылы Кыргызстандын бардык окуу жайларында аскердик кафедрлар жоюлган.
Радио
Наралиева: КММА эпидемиолог, инфекционист, микробиологдорду окутууга басым жасоодо