БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ички иштер министри Улан Ниязбеков туристтик сезон жана Курман айт майрамына байланыштуу коомдук тартипти сактоо боюнча онлайн-кеңешме өткөрдү. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Жогоруда аталган маселелер тууралуу ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын, шаардык, облустук жетекчилердин ишмердүүлүгү кеңири талкууланган.
ИИМ башчысы бир катар тапшырмаларды берип, аны кынтыксыз аткаруу керектигин баса белгилеген.
"Азыр өлкөдөгү бардык туристтик аймактарда эс алуучуларды кабыл алуу процедурасы кызуу жүрүп жаткан учуру. Пансионаттардын, эс алуу борборлорунун жана атайын туристтик аймактардын администрацияларына, коопсуздук кызматкерлерине жана элди тейлеген персоналына чыр-чатактарды болтурбоо үчүн атайын окутуу-түшүндүрүү иштерин өткөрүңүздөр. Бир дагы туристтик аймакта жана эс алуучу коомдук жайларда элге жат көрүнгөн кылмыштарга, укук бузууларга жол берилбесин", — деди Ниязбеков.
Ошондой эле министр милиционерлерге элге сылык мамиле жасап, жардам сурап кайрылгандарды жеринде ыкчам түрдө карап, сервистик тейлөө иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.
Аны менен катар түшкөн чакырууларга өз учурунда барбаган, окуя болгон жерде өз милдетин так аткарбаган кызматкерлер биринчи жетекчиси менен кошо катуу тартиптик жазага тартыларын эскертти.