Учурда өлкөдө 496 судья бар. Анын 36 пайызын аялдар түзөт. Ал эми 2015-жылкы изилдөөлөргө ылайык, Жогорку сотто иштегендердин 47 пайызы аялдар болсо, жергиликтүү соттордо 38 пайызды түзгөн. Бул тууралуу Чынара Биялиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Советтер Союзу учурунда судья болуп иштеген аялдар 50 пайыздан көп болчу.
"Сот системасында иштеген аялдар жылдан-жылга азайып бара жатат. Биз мунун себептерин билүү үчүн иликтөө баштадык. Долбоор ушул жылдын октябрь айына чейин жүргүзүлмөкчү. Анда биз калк арасында айтылып келе жаткан ар кандай божомолдорду да эске алабыз. Маселен, аялдар эмоциялуу келгендиктен калыс чечим чыгарууда тоскоолдук жаралат деген сөздөр бар. Ошону менен катар эле судьялык кесип аял киши үчүн оор болот, колунан келбейт деп айтып калышат. Мына ушул сыяктуу божомолдорду иликтейбиз. Азырынча биз юриспруденцияда окуп жаткан кыздар арасында сурамжылоо жүргүздүк. Анда 1-2-курстун студенттеринин арасында мантия кийип отуруп, судья болуп иштегенди кыялданган кыздар көп экен. Ал эми магистратурада же жогорку курста окуган студент кыз-келиндер көбүнесе фирмаларда юрист болуп же нотариустук кесипти, жактоочулукту аркалагысы келгенин айтышты. Ошону менен катар эле үй-бүлөсү тарабынан "судья кыз баланын кесиби эмес" деген жүйө менен каршылыкка дуушар болгон кыздар да көп катталды. Аял-судьялардын азайып жатышына мына ушул стереотиптер канчалык деңгээлде таасирин тийгизери да биздин иликтөөдө каралат", — деди Биялиева.
Ал иликтөө башка этностордун сот системасында азайышы жана насаатчылык боюнча да жүрөрүн кошумчалады.