Таарынуу чоңдорго мүнөздүү сезим эмес. Психолог Бейшен Жумабековдун видеосу

Психолог таарынуу сыртта болуп жаткан окуяларга кичинекей баланын болгон мамилеси экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандык психолог Бейшен Жумабеков адамдагы таарынуу мүнөзү тууралуу айтып берди.
"Таарынуу — балдарга мүнөздүү нерсе. Кичинекей бала сырттагы турмуш жагдайларын түшүнбөйт, оюндагысын кылгысы келет. Мисалы, тим койсоң чипсы менен кола ичип отура берет. Аны биз кой дейбиз, жашоого үйрөтөбүз. Таарынуу — сыртта болуп жаткан окуяларга кичинекей баланын болгон мамилеси", — деди Жумабеков.
Психолог чоң киши жашоодогу жагдайларды кабыл ала билиши керектигин билдирди.
"Бир нерсеге каршы болушубуз мүмкүн, бирок аны кайгырып кабыл алгандан башка жолубуз жок. Капалануу дагы сезимге кирет. Чоң киши жашоону капаланып кабыл алат. Кичинекей бала таарынып кабыл алат. Баладан айырмабыз эмне? Колу-бутубуз бар, маселени чечсек, жашообузду өзгөртсөк болот. Экөө эки башка сезим, бирок багыты бир", — деди адис.
Жумабеков буга чейин стресстин психологиялык себебин жана андан оолак болуунун себептерин айтып берген.
Сүйүү — кайталана берчү сезим. Психолог Бейшен Жумабековдун видеомаеги