Жанды оозго тиштеткен торнадодон Москвадагы сулууларга чейин. Апта ирмеми

АКШда боюнан алдырган аялдардын укугун коргогон митинг өтсө, Нидерландда торнадо жанды оозго тиштетти. Sputnik өткөн жумада болгон маанилүү окуяларды сүрөт менен баяндап бермекчи.
Sputnik
1 / 15

Торнадо Зирикзе (Нидерланд) шаарындагы бир нече үйдүн чатырын учуруп, бир адамдын өмүрүн алып кетти

2 / 15

АКШнын Колорадо штатында аялдардын боюнан алдыруу укугу боюнча митинг өттү. Жогорку сот 25-июнда мындан узак убакыт мурдагы, тагыраагы, 1973-жылдагы бойдон өз каалоосу менен алдыруу укугу боюнча чыккан чечимин жокко чыгарды. Аборт маселеси эми ар бир штаттын өз мыйзамдары менен чечиле турган болду.

3 / 15

Бул сүрөт Иракта тартылган. Жамгырдын аздыгынан улам Тигр жана Евфрат дарыяларында суу 60 пайызга азайып кеткен. Бул өлкөнү кургакчылыкка кептеди.

4 / 15

Чоң жетиликтин лидерлери Бавариядагы саммитте (Германия)

5 / 15

Карарган асман, агарган толкун. Жээктеги кыз. Ницца (Франция).

6 / 15

28-июнда АКШнын Техас штатында ичинде 51 мигранттын сөөгү жаткан жүк ташуучу автоунаа табылган. Анда суу да, кондиционер да болгон эмес. Айдоочу менен анын жанындагы кишинин өлүм жазасына тартылары айтылды.

7 / 15

Мариуполь шаарында Металлургдар проспектиндеги талкаланган үй

8 / 15

Москвадагы мода жумалыгы. Жаш дизайнерлердин метронун "Маяковская" станциясындагы көргөзмөгө алып чыккан костюмдары.

9 / 15

Ocean Rebellion активисттери көзүн таңып, оозуна балыкты жарым-жартылай салып, нааразылык акциясына чыгышты. Бул Лиссабондо (Португалия) БУУнун океан боюнча өткөн конференциясы учурунда тартылган.

10 / 15

Ырчы Муни Лонг Лос-Анжелесте өткөн BET Awards салтанатында ырдап жатат

11 / 15

Мьянмада баңгизаттарды өрттөп жатышат. Бул Баңгилик менен күрөшүү боюнча эл аралык күнгө карата уюштурулган.

12 / 15

Мариуполь шаарындагы нан кучактаган балдар. Аны гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн ачылган көчүп жүрүүчү пунктудан таратышкан.

13 / 15

Полиция кызматкерлери Калькуттадагы (Индия) өкмөткө каршы митингде активист аялды кармап жатышат

14 / 15

Караколдо 1-июлда чоң салтанат болуп, шаарга 2022-жылдагы КМШнын маданий борбору макамы берилди. Анда чоң программадагы концерт өттү.

15 / 15

Кечки Гонконг. Кыздар шаардын фонунда сүрөткө түшүп жатышат.

Тема боюнча:
Каракол КМШнын маданий борбору макамын кантип алды. 11 сүрөт