Өзүн атып алган. Кой-Таштагы аскер бөлүктө бир жоокер каза тапты

Министрлик аскер этиятсыздыктан улам өзүн атып алган деген версияны айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүгө караган түнү саат 2:00дөр чамасында Кой-Таштагы аскер бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер каза болду. Кабарды Коргоо министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
"№73809 аскер бөлүгүндө кызматын өтөп жаткан 22 жаштагы катардагы жоокер Ж.Э. постто сакчылык кызматында турган. Курал колдонуудагы этиятсыздыктан кокустуктан ок чыккан. Аскер кызматчысы алган жараатынан улам жеринде көз жумган", — деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерде Кыргызстан Куралуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчилиги, Аскер прокуратурасынын кызматкерлери, Аламүдүн РИИБдин эксперттери жана аскер бөлүктүн командачылыгынын курамынан түзүлгөн комиссия иштеп жатканы маалым болду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада теги кыргызстандык дагы бир жоокер курман болду