Радио

Манасчы "түрк" деген көөнө сөздү чечмелеп берди

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздүн маанисин чечмелеп берди.
Sputnik
Манаста "түрк" деген сөз көп кездешет. Ал бир маанисинде улуу, эски, байыркы дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул сөздү эки мааниде колдонсо болот.
"Күндөлүк турмушта "түрк" деген сөздү колдонобуз. Ал улутту белгилөө үчүн колдонулат. Мисалы, түрк улуту, Түрк атанын балдары деген сыяктуу. Негизи бул сөз "Манаста" көп кездешет жана бир топ мааниге ээ. Бир маанисинде чоң, байыркы, эски, улуу дегенди түшүндүрөт. Ошол себептен жалпы түрк эли ушул сөздөн келип чыккан. Ошол эле убакта чоң жана семиз кой дегенди билдирет. Койду саабай, козуларын кошо кое берип, эркин эмизет. Семиртип, эттентип, табына келтирилген койду түрк дейт. Манаста "коюнун баарын түрк кылып" деген саптар кездешет. Бул жерде койлорун семиртип, согумга даярдалганы тууралуу айтылууда", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү колдонуу сөз байлыгын өстүрөрүн кошумчалады.