Акча жасоону эле көздөшөт. Сулайманов Көлдөгү пляж ээлерине талапты күчөттү

Сулайманов пляждарды калыбына келтирүү жергиликтүү бийликтин негизги милдети экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов пляждардын абалын текшерип, өнүктүрүүгө салым кошпой жаткан ишкерлерди сындады. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов пляждардын абалын текшерип, өнүктүрүүгө салым кошпой жаткан ишкерлерди сындады

2 / 3

Ага ылайык, пляждарды текшерип мониторинг жүргүзүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн

3 / 3

Алар салынган курулмалардын мыйзамдуулугун карап, муниципалдык пляждарды иретке келтирүү боюнча сунуштарын берет

Ага ылайык, пляждарды текшерип мониторинг жүргүзүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн. Алар салынган курулмалардын мыйзамдуулугун карап, муниципалдык пляждарды иретке келтирүү боюнча сунуштарын берет.
"Муниципалдык пляждардын абалы аябай начар. Кээ бирлери талашка түшүп, бир нече адам ээлик кылып алган. Бир айыл өкмөт башчы ижарага берип, кийинкиси келип башкасына берип жатып талашка түшкөн. Ошолорду четинен калыбына келтиришибиз керек. Пляжды татыктуу тейлей алган адамдын колуна беребиз. Азыр көпчүлүгү эч кандай иш жасабайт, кол чатыр, дүкөндөрдүн, базарлардын ордун сатып, бирок өнүктүрүүгө бир тыйын дагы салбайт. Эки айлык кыска мөөнөттө акча жасап алып чыгып кетишке гана үйрөнүп алышыптыр. Муниципалдык пляждардын баш-аягы жок, ушунчалык башаламан", — деди Сулайманов.
Ошондой эле ал пляждарды иретке келтирүү жергиликтүү бийликтин негизги милдети экенин белгилеп, эң негизгиси тазалык, коопсуздук сакталып, тейлөөнү жакшыртууга чакырды.
Оштон Ысык-Көлгө түз авиакаттам ачылды. Жумасына 6 жолу учат