Кочкор районунун акими алмашты

Камчыев Кочкор районуна жетекчи болуп былтыркы жылдын май айында дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун акими Курбанбай Камчыев ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Эрмекбай Омошев дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, Камчыев Кочкор районуна аким болуп былтыркы жылдын май айында дайындалган.
Кара-Көл шаарынын мэри алмашты