Радио

Бегалиев: техникалык билим алууга кызыккандар көбөйүүдө

Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин ректору, техника илимдеринин доктору Улугбек Бегалиев окуу жай 2006-жылы негизделгенин айтты.
Sputnik
Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде илим изилдөөгө көңүл бурулуп, бардык шарты камтылган лабораториялар даярдалып, ачылыштарды жасоого багытталган. Бул тууралуу Улугбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окуу жай Россиянын IEK GROUP электр-техникалык компаниясы менен энергетика тармагы боюнча кызматташып келет.
"Эл аралык инновациялык технологиялар университети 2006-жылы негизделип, бүгүнкүгө чейин технология, курулуш, архитектура, энергетика, экономика, менеджмент боюнча билим берип келет. Окуу жайда илим изилдөөгө көңүл бурулуп, бардык шарты камтылган лабораториялар даярдалып, ачылыштарды жасоого багытталган. Алсак, көмүрдү жана композициялык материалдарды изилдей турган лабораторияда көмүрдүн радиациялык, химиялык абалын текшере алышат. Мындан тышкары, Россиянын IEK GROUP электр-техникалык компаниясы менен кызматташып, студенттердин билим алуусуна шарттар каралып, энергетика тармагында тажрыйбасын жакшырта алышат. Акыркы жылдары техникалык билим алууга кызыккан жаштар көбөйүп калды. Мындай тенденция өлкөнүн өнөр жай секторунун өнүгүшүнө жакшы жол ачат", — деди Бегалиев.
Ошондой эле адис Эл аралык инновациялык технологиялар университети көбүнесе практикалык билим берүүгө ыктап, тажрыйба алуу максатында чет өлкөлүк ири окуу жайлар менен кызматташып келерин кошумчалады.